ЖЫЛДЫР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кандайдыр бир нерсени ордунан козгоо, экинчи бир жерге которуу, илгери карай түртүү. Тиги капты жылдырып койчу (Токомбаев). Жылдырды батунусту биз тарапка (Үмөталиев). Жетимиш балбан биригип, Жерден араң жылдырган («Эр Табылды»). 2. Акырын, жай, илкитип айдоо. Жылкыны айдап кетелик, Жылдырып элге жетелик («Эр Табылды»). Койду короого жылдырып келчи (Мидин). 3. Тымызын, астыртан иштөө, билгизбей аракет кылуу, астыртан кеп-сөз жөнөтүү. Карайсың көзүң кылгырып, Кыйытып айтып жылдырып («Ала-Тоо»). 4. Алга, жөнөтүү, илгерилетүү. Уюмдун ишин алга жылдырды.